Жердин эң кары жашоочусу болгон филиппиндик Франциска Сусано 124 жашында көз жумганын ал жашаган Кабанкалан шаарынын өкмөтүнүн Фейсбуктагы баракчасында жазылды.
Сусано 22-ноябрда кечинде каза болгон. Кабанкалан өкмөтү анын «Жердин эң узак жашаган жашоочусу» деген макамы Гиннесстин рекорддор китебинде бар деп ишендирди. Ошол эле маалда CNN сентябрда Сусано 124 жашын белгилегенде Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү дагы эле анын туулган күнү тууралуу маалыматты текшерип жатышканын жазган. «Чөбөрөсү Франциска Сусанонун өлүмүнө чейин коронавирус оорусунун белгилери жок экенин айтты» деп жазат PNA мамлекеттик агенттиги. Кабанкаландан CNN Philippinnes агенттигине билдиришкендей, маркумда COVID-19дун белгилери жок, бирок дарыгерлер анын денесинде вирустун бар-жогун текшеришет.
Филиппин бийлигинин маалыматы боюнча, Франциска Сусано 1897-жылы туулган. Сусанонун 14 баласы бар, улуу кызы азыр 101 жашта.