Бүгүн, 2-январда дүйнөдөгү эң кары аял өзунүн туулган күнүн белгилеп жатат. Канэ Танака аттуу япониялык улгайган аял 1903-жылы ушул күнү жарыкка келген. Танака 8 баланын жетинчиси жана маалына жетпей төрөлгөн. Былтыр «Майнити симбун” деп аталган япон гезити Канэ Танаканы 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиаданын жүрүшүндө факел кармап эл алдына чыгарын жазган.
Бразилияда автобус менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, 38 адам каза болду
Бразилияда жүргүнчү ташыган автобус менен жүк ташуучу унаанын кагылышынан 38 адам каза болгонун CNN жазды. Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Минас-Жерайс штатында ишемби...