Жер титирөө учурунда ымыркайларды кармаган медайымдар (видео)

Мьянмага чектеш Кытайдын Руили шаарындагы төрөтканада тартылган видео дүйнө жүзү боюнча популярдуулукка ээ болууда. Бул тууралуу Zakon.kz жазды.

Видеодон көргөндөй, жергиликтүү төрөт үйүнүн медайымдары жер титирөө учурунда жаңы төрөлгөн ымыркайларды кармоого аракет кылышкан. Видео социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар көптөгөн пикирлерди калтырышкан. Алар аялдарды таап, сыйлыкка көрсөтүүнү суранып жатышат.

28-мартта Мьянмада күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон. Жер титирөө Кытай менен Таиландда да сезилген.