Түркиянын Казакстандагы элчиси Уфук Экичи жер титирөөдөн улам жетим калган түрк балдарын чет элдиктер багып ала алабы же жокпу деген суроого жооп берди.
Маалымат жыйынында Уфук Экичи учурда өлкөдө 1858 бала патронаждык көзөмөл астында экенин айтты. Алардын 200үнүн аты-жөнү жана документтери тактала элек. «Жер титирөөдө жетим калган балдар азыр мамлекеттин көзөмөлүндө. Бул балдардын аты-жөнүн тактоо, документтерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Аларга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Бул балдар башка өлкөнүн жарандарына асырап алууга жиберилбейт. Алар Түркиядагы туугандарына берилет», — деди элчи.