Жер титирөөдөн кийин Бангкок шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Бангкокто жер титирөөдөн кийин өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул боюнча чечимди Таиланддын премьер-министри кабыл алды.

«Премьер-министр коомчулукка бүгүнкү жер титирөөдөн кийин 24 сааттын ичинде болушу мүмкүн болгон жер титирөөлөрдөн сак болууну эскертти», — деп билдирди Nation Thailand.

Бангкокто жер титирөөдөн улам метро иштебей, жолдордо тыгындар пайда болгонун ТАССтын кабарчысы маалымдады.