Жер титирөөдөн Түркияда 912, Сирияда 326 киши набыт болду (видео)

Түркиядагы жер титирөөдө 912 киши каза болду, 5385 киши жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы сандын дагы канчага көбөйүүсүн болжолдоо азырынча мүмкүн боло элек.

Ушул эле жер титирөөнүн кесепетинен коңшу жайгашкан Сирияда 326 киши набыт болду. Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымал.