Шымкенттин тургундары катуу жер титирөөнү сезип, көчөгө чыгышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Интернет колдонуучулардын айтымында, жер титирөөдөн батирлерде асма шамдар титиреп турган. Сейсмикалык станциялар тармагынын маалыматы боюнча, кечээ, 21-мартта Алматы убактысы боюнча саат 22:47де жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Алматыдан 848 чакырым түштүк-батышты карай Ооганстандын аймагында жайгашкан.
Жер титирөөнү Бишкектин тургундары да сезген.