Жер титирөөдөн Шымкенттин тургундары түнү эшикке качып чыгышты (видео)

Шымкенттин тургундары катуу жер титирөөнү сезип, көчөгө чыгышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Интернет колдонуучулардын айтымында, жер титирөөдөн батирлерде асма шамдар титиреп турган. Сейсмикалык станциялар тармагынын маалыматы боюнча, кечээ, 21-мартта Алматы убактысы боюнча саат 22:47де жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Алматыдан 848 чакырым түштүк-батышты карай Ооганстандын аймагында жайгашкан.

Жер титирөөнү Бишкектин тургундары да сезген.