Марокко: Жер титирөөдөн бир нече мүнөт мурун төрөлгөн ымыркай жашоосун чатырда баштады

Жер титирөөдөн бир нече мүнөт мурун жаңы төрөлгөн ымыркайын колуна алган эне учурда чатырда күн кечирүүдө. Бул тууралуу TRT Хабер жазды.

9-сентябрда марокколук Хатиче атту аял жер титирөөдөн бир нече мүнөт мурун көз жарган. Атайын текшерүүдөн 3 саат өткөндөн кийин ооруканадан чыгып кетүүсүн өтүнүшкөн. Анткени ал жер эне-баланын  өмүрүнө кооптуу болчу. Кырсыктан улам наристесине ысым берүүгө жетише албаган эне аман калуу үчүн башпаанек таппай убара.

Хатиче жана анын күйөөсү ишемби күнү эртең менен Марракештен 65 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан үйүнө жаңы төрөлгөн ымыркайы менен кетүүгө аракет кылышкан. Бирок жолго чыкканда жер көчкү жүрүп, жол жабылып калган. Мындан улам үй-бүлө орто жолдо калып, чатырда күн кечирүүдө.