Телефонго алаксып, эмнеге кабылгансыз? Пике сахнада басып бара жатып көздөн «кайып» болду

«Барселона» клубунун мурдагы коргоочусу Жерар Пике Мексикада жаңы долбоордун бет ачарында күтүлбөгөн окуяга кабылган. Социалдык тармактарда анын сахнадан кулап түшкөнү тартылган видео тарады.

«Бет ачардан кийин Пике телефонунан билдирүү угуп жаткан. Футболкасын кармаган күйөрманына бара жатып, ага жетпей калды. Футболчу кулап түшкөн жер эки метрдей терең болгон», — деп жазат The Sun.

36 жаштагы испаниялык коргоочунун «жоголуп» кеткен видеосу социалдык тармактарда популярдуу болуп кетти. Окуянын видеосу 24 сааттын ичинде дээрлик 9 миллион көрүүгө жана миңдеген комментарийлерге ээ болду.