Жириновский «Назарбаев эбак каза болуп калган» дейт

Орусиянын саясатчысы Владимир Жириновскийдин айтымында, Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев эбак каза болуп калган. Бул тууралуу билдирүүнү орус басылмалары жазышты.

«Ал эбак эле каза болуп калган деп ойлойм. Каза болуп, аны жерге беришкен. Жашырынып алып, үн катпай, анан кантип тирүү болууга мүмкүн? Анын үстүнө мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы камалды», — деди Жириновский.

Саясатчынын ою боюнча, мурдагы лидерге каршы эл көтөрүлүп чыкканы үчүн аны жок кылып коюшкан болушу ыктымал.

Коңшу өлкөдөгү митингдер 2-январда башталып, ал бир катар аймактарда башаламандык менен коштолду. Бул аралыкта Нурсултан Назарбаевдин жана анын жакындарынын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар бир канча жолу тараган. Ал кептер маалымат катчылары тарабынан төгүндөлгөнү менен ушул күнгө дейре туңгуч президент да, анын жакындары да эл көзүнө көрүнө элек.