Тажикстанда президенттер расмий эмес банкетке чогулушту (сүрөт)

Тажикстандын президенти ЖККУ жана ШКУ саммитинин катышуучуларынын урматына расмий эмес банкет уюштурду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы маалымат таратты. 

Маалыматка караганда, достук кечеси үчүн резиденциянын бир бурчу тандалган. Иш-чара Тажикстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Шанхай Кызматташтык Уюмунун 20 жылдыгына жана Тажикстандын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна төрагалык кылган тарыхый салтанаттарга туш келген.

Президенттер резиденцияны кыдырып, Тажикстандын айыл чарба продукцияларынын жана улуттук тамак-аштарынын көргөзмөлөрүн көрүштү.