ЖККУ тынчтык орнотуучуларын Казакстанга жөнөттү

ЖККУ Казакстанда тынчтык орнотуучу миссиясы башталгандыгы тууралуу расмий түрдө жарыялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Контингенттин курамына Орусия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер кызматкерлери кирет. Орусиядан аба-десанттык күчтөрү жөнөтүлүп, Алматыга уюмдун биринчи борту конгону маалымдалууда. Анын курамындагы алдыңкы бөлүктөрү коюлган тапшырмаларды аткарууга киришти. Тагыраагы орусиялык аскер кызматкерлери Алматы шаарында нөөмөт кылууга чыгууга даярдык көрүп жатышат. ЖККУнун тынчтык орнотуучулары мамлекеттик жана аскердик объекттерди кайтарат жана тартип сактоочу күчтөргө жардам берет.

Бул аралыкта Тажикстан Казакстандагы ЖККУнун тынчтык орнотуучу миссиясына катышууга даярдыгын билдирди.

Бүгүн, 6-январга караган түнү ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Казакстандын президентинин кайрылуусуна байланыштуу аталган өлкөгө тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечилгенин билдирген. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү башаламандыкты террористтик коркунучка теңеген.