ЖККУнун тынчтык орнотуучулары Казакстанда абал турукташканга дейре жүрө алышат

ЖККУнун тынчтык орнотуучулары Казакстанда абал турукташканга дейре жүрө алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик думанын КМШнын иштери боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников билдирди. Анын айтымында, ЖККУнун күчтөрү тартипке келтирүү менен алектенбей, объекттердин жана инфраструктуралардын коопсуздугун гана камсыздашат. «Бандиттер менен жергиликтүү күч түзүмдөрү алышышат», — деди Леонид Калашников.

Бүгүн, 6-январга караган түнү ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Казакстандын президентинин кайрылуусуна байланыштуу аталган өлкөгө тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечилгенин билдирген. Ал чектелген мөөнөттүн ичинде Казакстандагы абалдын турукташуу максатын көздөйт. Нур-Султандан алынган кайрылууда өлкөдөгү кырдаал чет жактан даярдалган бандиттик түзүмдөрдүн басып алуусу катары бааланып жатканы айтылган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү башаламандыкты террористтик коркунучка теңеген. «Бул мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу, эң башкысы бул — биздин жарандарга кол салуу», — деген казак президенти.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Аталган уюм бирдиктүү аскердик-саясий союз катары буга чейин бир дагы согуштук операцияларга катышкан эмес.