ЖМК: «Талибдер өзүн Ооганстандын президенти деп жарыялаган Амрулла Салехтин бир тууганын өлтүрдү»

«Талибандын» (Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл) согушкерлери өзүн Ооганстандын президенти деп жарыялаган Амрулла Салехтин бир тууганы Рохулл Салехти туткунга түшүрүп, кийин өлтүрүштү. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттигине каршылык күчтөрүнө жакын өздүк булак билдирген.

Ошол эле учурда Панжшер провинциясынын тургуну Рохулл Салех бир нече күн мурун болгон согушта курман болгонун маалымдаган. Август айында талибдер Ооганстандын бардык аймактарын басып алышкан.

Панжшер узак убакыт бою каршылыктын акыркы очогу болуп, бирок сентябрдын башында кыймыл козголоңчуларды жеңгенин жарыялады. «РИА Новости» агенттигинин Кабулдагы полиция башкы кеңсесиндеги өздүк булагы ооган вице-президенти Амрулла Салех жана Каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн лидери Ахмад Масуд аймактан Тажикстанга качып кеткенин ырастады. Бирок кийинчерээк Амрулла Салех бул билдирүүлөрдү четке кагып, каршылык уланып жатканын, өлкөдөн чыгып кетпегенин жана окуя болгон жерде кала берерин баса белгиледи.