«Талибандын» жогорку лидери Хайбатулла Ахунзада топту көзөмөлгө алгандан бери биринчи жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу Германиянын Deutsche Welle агенттиги жазып чыгышты.
Анын коомдук чөйрөдө жоктугу лидердин август айынын ортосунда түзүлгөн жаңы «Талибан» өкмөтүндөгү ролу тууралуу кептерди жаратып, өлүмү тууралуу кептер да тараган. Террордук топтун өкүлдөрүнүн айтымында, Ахунзада 30-октябрда Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарындагы «Дарул Улум Хаким» медресесинде болгон. Ал жерден өзүнүн тарапташтарына кайрылуу жолдогон. Ал ошондой эле талибдер өлкөнү кайра куруу үчүн чоң сыноого туш болорун айткан.
Диний лидер Хайбатулла Ахунзада 2016-жылы мурдагы лидер Ахтар Мансур америкалык учкучсуз учактын соккусунан өлтүрүлгөндөн бери талиптерди жетектеп келген.