Жо Байден АКШнын кийинки президенттигине талапкер болуудан баш тартты

Time башкы бетинде Байденди алмаштырып жаткан Харристин сүрөтүн жарыялады.

Жо Байден 5-ноябрда өтө турган шайлоого 3 ай калганда президенттик жарыштан чыга турганын жарыялап, АКШнын учурдагы вице-президенти Камала Харристин талапкерлигин колдой турганын билдирди. Дагы бир президенттикке талапкер Дональд Трамп Байденге салыштырмалуу Харристи жарышта утуп чыгуу оңой болорун жар салды.

Жо Байден мындай чечиминин так себебин айткан жок. Бирок мындай бүтүмгө Демократиялык партиянын жана жалпы жонунан АКШнын кызыкчылыгында келгенин билдирген. Ал мөөнөтү аяктаганга чейин президенттин милдеттерин аткарууга жигердүү көңүл бурарын кошумчалады.

Камала Харрис АКШнын президенти кызматына талапкер болорун билдирди. «Мен үчүн президенттин макулдугун алуу чоң сыймык жана бул наамды жеңүүгө жана татыктуу болууга ниетим бар», — деген ал. Харрис Трампты жеңүү үчүн улутту жана Демократиялык партияны бириктирүү максатында колунан келгенин жасай турганын айтты.