Жо Байден Иранды “абайлоого” чакырды

АКШ Ирактагы аскердик операцияга тартылган кызматкерлеринин коопсуздук деңгээлин көтөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Коопсуздукту күчөтүү 26-февралга караган түнү АКШнын Сириянын аймагында жасаган ракеталык чабуулунан кийин көрүлгөн чара болду.

Президент Жо Байдендин буйругу менен 25-февралдын түнүндө АКШнын аскердик-аба күчтөрү Сирия менен Ирактын чегинде жайгашкан согушчандардын объектилерине абадан ракеталык чабуул жасады. Натыйжада Британиядагы сириялык адам укуктарын коргоо борборунун мониторинги боюнча 20дан ашуун адам каза тапты деп болжолдонууда. Жо Байден Сирияга бул чабуулдан соң Иранды “абайлоого” чакырды. Дүйнөнүн бир тарабы бул ишти “баш-аягы көрүнбөгөн согушка кайтуу” деп кескин сындап чыгышса, АКШнын союздаштары «туура жооп болду» деп колдоого алышууда.