АКШнын президенти Жо Байден эки кылмыш иши боюнча соттолгон жана өкүмдү күтүп жаткан уулу Хантер Байденге ырайым кылды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.
«Бул кызматта иштеген биринчи күнүмдөн тарта мен Юстиция министрлигинин чечимдерине кийлигишпейм деп айттым жана уулумдун тандалма жана адилетсиз куугунтукка алынганын байкасам да, сөзүмдү аткардым», — деди Байден билдирүүсүндө.
Июнь айында 54 жаштагы Хантер Байденди 2018-жылы курал сатып алууда баңгизатына көз каранды экенин жашырганы үчүн күнөөлүү деп тапкан. Байден АКШнын тарыхында кылмыш үчүн соттолгон иштеп жаткан президенттин биринчи уулу болуп калды. Андан кийин, сентябрда Хантер Байден өзү дагы бир иш — салык төлөөдөн качуу боюнча күнөөсүн мойнуна алган.
Дональд Трамп АКШ президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байденге ырайым кылууга реакция кылып, чечимди кыянаттык жана адилеттикти бузуу деп атады.