Жо Байдендин жубайы Украинага барды. Ал Зеленская менен жолукту (видео)

АКШнын биринчи айымы Жилл Байден күтүүсүздөн Украинага барып, Украинанын биринчи айымы Елена Зеленская менен жолугушту. Жилл Байден согуштук аракеттерден улам үйлөрүн таштап кеткен украиналыктарды убактылуу кабыл алуу борбору болгон Ужгород шаарындагы мектепке барганын Reuters жазды.

«Учурда баш калкалоочу жайда 163 адам бар, алардын 47си бала», — деп билдирди АКШнын биринчи айымынын басма сөз кызматы. Буга чейин анын сапары жөнүндө маалыматтар жарыяланган эмес.

«Мен Энелер күнүндө келгим келди. Менин оюмча, украин элине бул согуш токтошу керектигин, бул ырайымсыз согуш экенин жана АКШ жарандары Украина элин колдой турганын көрсөтүү маанилүү», — деп билдирген Жилл Байден. 

Жилл Байден Ужгороддо эки саатка жакын болгон. Кечээ, 8-майда ал Румыния жана Словакиядагы Украинадан барган качкындар менен жолугуп, ошондой эле Бухарестте украиналык качкындардын балдары окуп жаткан мектепке барган.