«Жол тандабас, коттедж». Өзбекстандын президенти Токиодогу Олимпиада оюндарында медаль уткандарга белек тапшырды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Токиодогу Олимпиада оюндарында медаль уткандарга белек тапшырды. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук Олимпиада комитетинин расмий сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, өлкө башчынын атынан алтын медаль уткандарга Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жол тандабас жана коттедж (жер тилкесинин аянты 4 сотых) берилген. Ал эми коло медаль ээлерине Trebleizer үлгүсүндөгү автоунаа менен эки бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылган.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын спортчулары Олимпиада оюндарында 5 медаль утушкан. Алардын үчөө алтын, экөө коло.