«Жолдошу экөөнү бирдей өлүм күтүп турган». Непалда каза болгон учкучтун жолдошу 16 жыл мурда дал ушундай жагдайда каза болгон

Непалда кырсыкка учураган учактын учкучу Анжу Хатидаванын жолдошу 16 жыл мурун ушундай эле жагдайда каза болгон. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. 

Yeti Airlines компаниясынын өкүлү 44 жаштагы Анжу Хативада Катмандудан көтөрүлүп, Похара шаарына жакындап баратканда кулаган учактын экинчи учкучу болгонун айтты. Кырсыктан учактагы 72 адамдын баары каза болгон. «Анын күйөөсү Дипак Похрел 2006-жылы Жумладагы Yeti Airlines Twin Otter кырсыгында каза болгон», — деди компаниянын өкүлү. Анда конууга бир нече мүнөт калганда жүргүнчү учагы кулап түшкөн.

Учкуч айым күйөөсү каза болгондон кийин камсыздандыруудан алган акчага учкуч болууну үйрөнгөн. Авиакомпаниянын өкүлү Хатиаданын калдыктары азырынча табыла электигин айтты.