«Жолдошу менен болгон уруш себеп болушу мүмкүн». Алматыда жаш келин 3 баласы менен 9-кабаттан боюн таштады

Кечээ, 22-ноябрда Алматыда жаш келин 3 баласы менен 9-кабаттан боюн таштады. Төртөө тең көз жумган. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин берген маалыматында айтылат.

Окуя Жетису кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 28 жаштагы келин 6, 5 жана 2 жаштагы балдары менен 9-кабаттын терезинен секирген. Келин жана 2 баласы мүрт кеткен. Ал эми бир бала Тез жардам унаасында көз жумган. «Иликтөөнүн азыркы этабында 3 баласы менен 9-кабаттан боюн таштаган келиндин эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы божомолдонду. Буга жолдошу менен болгон уруш себеп болушу мүмкүн. Келин кат таштап кеткен»,— деп айтылат маалыматта. 

Ал эми окуянын күбөлөрү келиндин биринчи балдарын түртүп жибергенин, анан өзү секиргенин айтышкан.