Жолдун ортосундагы крокодил Малайзиянын тургундарын коркутту (видео)

Малайзиянын шаарларынын биринин тургундарын суу каптаган жолдо басып бара жаткан чоң крокодил чочутту. 

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Маалым болгондой, крокодил жолго жакын жердеги суу каптаган дарыя аркылуу өткөн. Видеону айдоочу Кампунг Эйр Хитамда (Малайзиянын шаары) тартып алган.

Ал эми жергиликтүү бийлик жашоочуларды абайлоого чакырды.