Жомоктогудай окуя. Бекерге алган эски дивандан 36 миң доллар чыккан

АКШнын Калифорния штатынын Колтон шаарынын тургуну бекерге алган дивандын астынан көп суммадагы акчаны таап алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Вики Умоду жарнамадан эски диван жана уктоочу эмеректи бекер берген жарыяны окуп калат. Жарыя боюнча чалып, жакында каза болгон адамдын эмеректерин туугандары берип жатканын билет. Вики эки диван менен креслону алып кетүүнү чечет. Үйүнө келгенде дивандын ары жак-бери жагын карап жатып жаздыктарынын ичинде бир нерсе бар экендигин байкайт. Жаздыкты ачып көрүп караса, конверт толо акча болот. Санап чыгып, жалпы суммасы 36 миң доллар катылганын билет. Вики акчаны алып дароо маркумдун туугандарына алып барган. Алар ага ыраазычылыгын билдирип, жаңы муздаткыч менен 2 миң 200 доллар беришкен.