Беткапчан киши талаада иштеп, балдарын баккан жалгыз бой атага үй белек кылды (видео)

Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу Мерген атуу жалгыз бой атаны үйлүү кылды. Анын 3 баласы бар, балдарынын бири ихтиоз деген тери оорусу менен ооруйт, өзүнүн эки көзүнүн тең көрүүсү начар.

Анын айтымында, жакында эле жубайы каза болуп калган. «Жубайымдын элеси кетпейт, мен келет деп күтө берем. Балдарым апасын сурашат. Чыдабай сыртка чыгып ыйлайм. Ал менин жүрөгүмдө түбөлүккө сакталат»,- деди ал.  Ал азыр балдарын багуу үчүн капуста терип талаада иштейт.

Беткапчан киши баласынын дарылатууга акча жана үй белек кылып жалгыз бой атаны ыйлатты.