Актауга жакын жерде кыйраган учактан аман калган азербайжандык жарандар өздөрүнүн абалы тууралуу айтып, казак дарыгерлерине ыраазычылык билдиришти. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
«Менин манжам сынган, гипстешти. Көгөргөн жерлер бар. Бул жерде бизди жакшы карашты. Мыкты деңгээлде кам көрүп жатышат», — деди Актаудагы авиакырсыктан кийин Азербайжанга жеткирилген Загатала облусунун тургуну Нурулла Сиражов. Ал ошондой эле жубайынын тагдыры тууралуу эч нерсе билбестигин айтты. «Мен анын кайда жана кандай абалда экенин билгим келет»,- деп кошумчалады ал.
Актауга жакын жерде кыйраган учактын дагы бир жабырлануучусу Самир Дарвишов атасы менен Грозныйга учуп баратканын билдирди. Алар агасына жолугуп, иш издемек болушкан. «Менин абалым туруктуу, дарыгерлер бизди жакшы карап жатышат, мен Казакстанда да жакшы карашты, баарына ыраазычылык билдирем»,- деди ал.








