«Жубайымдын каалоосу аткарылды». Индияда киши каза болгон аялынын көчүрмөсүн жасатып алган

Oddity Central басылмасы өзүнүн маркум жубайынын так көчүрмөсү болгон силикон куурчак менен жашаганы жөнүндөгү окуядан кийин бүт өлкөгө атагы чыккан индиялыктын окуясын баяндады. Ал мындай кадамга жубайы менен түбөлүк бирге болуу үчүн жасаган. 

Тапас Сандилья 39 жыл бактылуу никеде жашаган. 2021-жылы пандемия учурунда анын жубайы Индрани каза болгон. Сандилья өмүрүнүн акыркы күндөрүндө анын жанында боло алган эмес, анткени сүйүктүүсү ооруканада карантинде болчу.

«Он жыл мурун биз Маяпурдагы храмга барып, реалдуудай жасалган айкелге суктанганыбыз. Дал ошондо менин жубайым эгер менден мурда өлүп калса, ушундай кылып жасатууну сураган», — деген ал. 

Ал анын буйругун аткара ала турган устаты табуу үчүн көп убакыт короткон. Жыйынтыгында каза болгон жубайынын кыялын ишке ашыруу үчүн 6 ай эмгек жана үч миң доллар сарпталган. Анын жакындары буга каршы болгон. Бирок буга алардын ою тоскоол боло алган эмес. «Каза болгон кишинин сүрөттөрү турса болот, куурчагы болсо эмнеге болбосун», — дейт ал.