«Жулкулдатып, силкип…» Өзбекстанда эмчектеги баласын аёосуз сабаган келинге кылмыш иши козголду

Кечээ, 16-июнда аялдын баланы денесинин ар кайсы жерине уруп, силкип, сабаган видео жарыяланган. Өзбек ЖМКлары жазып чыккан маалыматтарга караганда, окуя Самарканд облусунда болгон. Керебетте отурган аял баланы далыга чаап, аны оодарып, силкип, анан дененин ар кайсы жерлерине катуу урууну улантат.

Окуя боюнча милиция маалымат берип, видеодогу окуя 14-июнь күнү Пайарык аймагында болгонун билдиришти. 1988-жылы туулган, психикалык оорусу жок, үй-бүлөсү менен жашаган аял 2020-жылы туулган баласын ооруканага текшертүү үчүн алып барган. Ал жерде стресс абалында болуп, аны сабап салган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренесинин экинчи бөлүгү (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.