Жумасына 1000 долларга жакын каражат табат. Буфеттеги жумушун таштанды тытканга алмаштырган

Мектептин буфетинде иштеген америкалык айым таштандыларды чогултуп, жакшы акча таап баштаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШнын Техас штатынын 32 жаштагы тургуну Тиффани Шери ютуб каналдан кыздар тобунун таштандылардын арасынан пайдалуу, баалуу нерсе тапса болорун айткан видеону көрөт. Анда да кызыгуу жаралып, таштанды салынган контейнерлерге кирип, ичин тытып, жарактуу нерселерди чогултуп, алгачкы күнү кымбат баалуу жаңы косметика менен бетке кам көрүүчү каражаттардын кутусун таап алат. Табылгасы тууралуу күйөөсүнө айтканда ал жубайын колдоп, ошондой жол менен каражат табууну чечишкен.

Таштанды менен иштеп жүргөн 5 жыл аралыгында Тиффани буфеттеги жумушунан кетип, өзүнүн финансылык абалын бир кыйла оңдоп алган. Маалыматка ылайык, ал таштандыдан тапкан нерселерди сатып, жумасына 1000 доллардын тегерегинде акча табат. «Биз үйдүн 75 пайызын таштандыдан тапкан буюмдар менен кооздогонбуз. Ошол эле отургуч, стол, декоративдик предметтер бар. Жадакалса жаздык, жууркан, сүлгү, шейшептерге чейин таштандыдан тапканбыз», — деген Тиффани. 

Тиффани менен күйөөсү таштандыдан тапкан табылгаларын жууп-тазалап, бат-баттан жарманке өткөрүп турушат.