Парижде өткөн Олимпиадада күмүш медаль тагынган түркиялык 51 жаштагы аткыч Юсуф Дикеч интернетте болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгону тууралуу үн катканын Tengri Sport жазды.
- Түркиялык аткыч Юсуф Дикеч 2024-жылдагы Олимпиада оюндарында көрсөткөн оюнунан кийин интернет жылдызына айланган. 51 жаштагы спортчу 10 метр аралыкка пневматикалык тапанчадан атуу боюнча күмүш медаль тагынган. Интернет колдонуучулар Юсуф Дикечтин эркин абалда, колун чөнтөгүнө салып атып жатканына таң калышкан. Ал кулагына үнду басаңдатуучу кулакчын да, көзүнө атайын көз айнек да таккан эмес.
«Бул өзүмдү эң ыңгайлуу сезген жана денемди эң туруктуу кармаган поза болду. Сыртымдан эч нерсе болбогондой көрүнгөнүм менен ичимде бороон-чапкын болуп жатты. Алтын медалды алган спортчу «Мен биринчи орунду алганым менен сен көбүрөөк таанылдың» деди. Менин турушум мынчалык ызы-чууну жаратып салат деп күткөн эмесмин», — деди Дикеч NTV телеканалына берген маегинде.