Жылдызга айланган түркиялык спортчу: «Сыртымдан билинбегени менен ичимде бороон-чапкын болуп жатты»

Парижде өткөн Олимпиадада күмүш медаль тагынган түркиялык 51 жаштагы аткыч Юсуф Дикеч интернетте болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгону тууралуу үн катканын Tengri Sport жазды.

«Бул өзүмдү эң ыңгайлуу сезген жана денемди эң ​​туруктуу кармаган поза болду. Сыртымдан эч нерсе болбогондой көрүнгөнүм менен ичимде бороон-чапкын болуп жатты. Алтын медалды алган спортчу «Мен биринчи орунду алганым менен сен көбүрөөк таанылдың» деди. Менин турушум мынчалык ызы-чууну жаратып салат деп күткөн эмесмин», — деди Дикеч NTV телеканалына берген маегинде.