Жыргал жашоо жокпу? Түндүк Кореядан ноябрда качып келген адам январда Түштүк Кореядан мекенине кайтты

Белгисиз адам Түндүк жана Түштүк Кореянын чек арасын эки жолу кесип өттү. Тагыраагы 2020-жылдын ноябрь айында ал Түндүк Кореядан качып келген, ал эми январь айында Түштүк Кореядан кайра мекенине кайтты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

1-январь күнү кечинде белгисиз адам Түштүк Кореянын аймагынан чыгып, Түндүк Кореянын чек арасын кесип өткөн. Кийинчерээк ал адамдын Түндүк Кореядан качып келгени аныкталган. Кечээ, 3-январда Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинен байкоо камераларынан анын 30 жаштан улуу эркек киши экенин билдиришти. Ал 2020-жылдын ноябрь айында Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга качып келген жана аны тыңчы деп атоого эч кандай негиз жок. Түштүк Кореянын басылмаларынын жазганына караганда, качып келген эркек киши аталган өлкөдө экономикалык кыйынчылыктарга кептелген.