«Жүргүнчү айдоочу аялды чаап жиберген». Алматыда автобус топтошуп турган адамдарды сүзүп, үчөө каза болду (видео)

Кечээ, 22-декабрдын кечинде Казакстанда автобус аялдаманын жанында турган топ адамдарды жана 4 унааны сүзгөн. Бул тууралуу orda.kz жазды.

Кесепетинен үч адам каза болуп, төртөө жаракат алган. ЖМКлардын маалыматына караганда, чыр-чатактын жүрүшүндө автобустун жүргүнчүсү айдоочу аялды чаап жиберген. Айдоочу эсин жоготуп, автобусту башкара албай калган. Жаңжал акчанын туура эмес эсептелишинен улам чыкканы айтылууда.

Автобустун айдоочусун чаап жиберген адам кармалды. Ага бейбаштык жана эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген транспортту коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бузуу беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул үчүн ал эң көп дегенде 8 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.