Кабулда Айт намаз учурунда президенттик сарайдын жанына бир нече ракета ташталды

Курман айт намазында Кабулдун борборундагы президенттик сарайдын жанына бир нече ракета ташталды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

«Ракеталар Кабулдун борборундагы президенттик сарайдын жанына Курман айт намазы учурунда түшкөн», — деп жазылат маалыматта. 

1TV телеканалы сарайдын жанынан үч жарылуунун үнү угулганын кабарлады. Каза болгондор жана жаракат алгандар жөнүндө маалымат бериле элек.