Кабулда эки жардыруу болду. Жабыркагандар тууралуу азырынча так маалымат жок

Кабулда эки жардыруу болду. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты. 

Биринчи жарылуу Даште-Барчи аймагында болгон, жаракат алгандар бар. Экинчиси Ирфани Харрготи аймагында катталган. Жабыркагандар тууралуу азырынча так маалымат жок. Бирок 2 адам жабыркаганы айтылды. «Эки күн мурун Кабулдун аймактарынын бирине бир нече ракета түшкөнү кабарланган. Жергиликтүү тургундар айткандай, ракеталар Ооганстандын борборундагы электр станциясына карай атылган», — деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин 26-августта Кабул аэропортунун жанында жарылуу болгон. Жардырууда ондогон карапайым тургундар жана кеминде 13 америкалык аскер набыт болгон.