Кабулдагы АКШнын авиа соккусунан 9 киши каза болду, анын ичинен алтоосу бала

Кабул шаарындагы АКШнын террорчуларга карай авиа соккусунан 9 киши каза болду, анын ичинен алтоо бала. Набыт болгондордун баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Бул тууралуу CNN жазды.

Кечээ, 29-августта АКШ «Ислам мамлекетинин» болжолдуу жан кечти-террорчусун көздөй авиа сокку чыгарган жана анын көзү тазаланды деп маалымдаган. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, жан кечти-террорчу Кабулдун аэропортунун жанында теракт даярдап жаткан. Каза болгон үй-бүлөнүн тууганынын журналисттерге айтып бергенине караганда, набыт болгондордун арасында эки жаштагы кыз бар. «Биздин «Ислам мамлекетине» тиешебиз жок. Кадыресе үй-бүлөбүз, ал үйдө ага-инилерим бала-чакасы менен жашачу», — деген ал.

АКШ 26-августта болгон аэропорттун жанындагы теракттан кийин «Ислам мамлекетинин» террорчуларына чабуулун баштаган. Аталган топ моюнуна алган терактта бир канча жардыруу болуп, 200дөй киши каза болгон, анын ичинен 13ү америкалык аскер кызматкерлери.