Кабулдагы жардырууда 13 адам көз жумганы айтылды. Каза болгондордун арасында балдар да бар (сүрөт)

Кабул аэропортуна жакын жерде жарылуу болду. Бул маалыматты Пентагондун басма сөз катчысы Жон Керби тастыктаганын Deutsche Welle жазды. Жон Керби азырынча журналисттерге мүмкүн болгон өлүмдөр жана жарадарлар боюнча маалыматтарды бере албасын айткан. Бул арада Рейтер агенттиги АКШдагы расмий булакка таянып, бир нече адамдын өлүмү тууралуу кабарлады.

Өлкөдө бийликти басып алган радикалдык «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү жарылуудан 13 адам набыт болгонун, анын ичинде балдар бар экенин, күзөтчүлөр жарадар болгонун айтышты. LIFE SHOT Telegram-каналы окуя болгон жерден сүрөттөрдү жарыялады. Америкалык CNN телеканалы өздүк булактарга таянып, жардыруу аэропорттун кире бериштеринин биринде болгонун, анда эл топтолуп, Ооганстандан кетүүнү каалап жаткандар болгон. Телеканалдын маалыматы боюнча, жардырууну жанкечти жасаган.