«Кайли Женнер биринчиликти алдыртты». Instagram’да эң популярдуу айым ким?

Узак убакыт бою Инстаграмдагы катталуучулардын саны боюнча аялдар арасында лидерликти америкалык ишкер айым, «Кардашиан үй-бүлөсү» реалити-шоу берүүсүнүн жылдызы Кайли Женнер ээлеп келген. Бирок бир күн мурун ал позициясынан ажырап калды. Бул тууралуу Tengri Lifestyle жазды.

Америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес Кайли Женнерден бир миллионго көп катталуучу топтоого жетишти. Азыр 30 жаштагы атактуунун социалдык тармактагы баракчасында 381 миллион колдонуучусу бар. 

Социалдык тармактагы эң популярдуу мырзасы футболчу Криштиану Роналду. Ал 550 миллион катталуучусу бар биринчи адам.