Белгилүү модель Кайли Женнер уулун биринчи жолу көрсөттү (сүрөт)

25 жаштагы америкалык модель Кайли Женнер 11 айлык уулун биринчи жолу көрсөттү. Ал Инстаграмдагы баракчасына бир катар сүрөттөрдү бөлүштү.

Модель сүрөттүн алдына Айрэ (Aire) деген жазуу калтырган. Сыягы түгөйлөр уулуна дал ушундай ысым бериши мүмкүн. 

Маалым болгондой, ал өткөн жылдын 2-февралында рэпер Травис Скотт менен балалуу болгон. Буга чейин түгөйлөр жаңы төрөлгөн ымыркайдын жынысын айтышкан эмес, бирок ЖМКлар аны эркек бала деп болжошкон.