«Кайненемди мени менен тең деп жатышат». Ерке Эсмахан хейтерлерге жооп кайтарды

Интернет колдонуучулар жаңы келин болгон Ерке Эсмахандын кайненеси менен болгон жаш айырмачылыгын сындашты. Ырчы унчукпастан, жолдошунун ата-энеси ага кандай мамиле кылып жатканы тууралуу суроолорго соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Ерке Эсмахан белгилегендей, ал үйдүн биринчи келини, дал ушул себептен күйөөнүн апасы аны кызым деп атайт.

«Кайненең сени менен тең болсо керек, курбуң да» деген сөздөрдү жазып жатышат. Ооба, туура айтасыңар, апам абдан жаш, абдан сулуу, гүлдөп турган аял, үч баланын энеси. Ал эми мен анын биринчи кызымын, мени келин дебей, кызы деп атайт», — деп баштады ал. 

Ырчы кайнатасы тууралуу да айтып, анын токтоо, адептүү жана руханий бай экенин белгиледи.