Кайрат Нуртас унаада отуруп жүктөгөн видеодон кийин айдоочу жазаланды

Социалдык тармактарда белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртас видео жүктөгөн. Анда ал отурган унаа менен тыюу салынганына карабай Талдыкорган шаарынын борбордук аянтынан өтүп жатканы тартылган .

Соцтармакка тараган видеодон кийин полиция Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусун таап, жазалаган.

«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Алматы шаарында 45 жаштагы унаанын айдоочусу кармалып, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 601-беренеси (жол белгилеринде белгиленген талаптарды аткарбоо) менен административдик жоопкерчиликке тартылды»,- деп билдирди Жетисуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.