«Каламбур» берүүсүнүн актёру Сергей Гладков каза болду

Актёр жана сценарист Сергей Гладков 61 жашында Одессада каза болду.

Анын өлүмүнүн себеби жана башка маалыматтар айтыла элек.

Телекөрүүчүлөр Гладковду 90-жылдардын экинчи жарымында көрсөтүлгөн «Каламбур» шоу берүүсү аркылуу таанышат. Актёр «Деревни Дураков» деп аталган скетчтеги мурутчан адамдын ролун ойногон.