Калифорнияда балыктын этин жеген аял колу-бутунан ажырап калган

АКШнын Калифорния штатынын 40 жаштагы тургуну Лаура Бараджас аттуу аял базардан сатып алган тилапия балыгын жеп, колу-бутунан ажырап калганын New York Post басылмасы билдирди.

Лауранын жакындарынын айтымында, аял балыкты Сан-Хосе шаарындагы базардан сатып алган. Үйгө келгенде балыктан тамак жасап, жеп, бир нече күндөн кийин өзүн жаман сезип, бара-бара ялдын абалы начарлай баштаган. Анын буту-колу, астыңкы эрини карарып, бөйрөгү иштебей калган. «Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн комага жаткырышты», — деген аялдын жакындары.

Дарыгерлер бейтапты текшерүү учурунда Vibrio Vulnificus бактериясы бар экенин аныкташкан. Вирус организмге киргенден кийин тез жайылып, тери астындагы ткандарды, кан тамырларды, нервдерди жана органдарды өлтүрөт. Вирустун белгилери инфекциядан кийин бир күндүн ичинде пайда болот.

Аталган бактерия көбүнчө суу, денедеги жара, булганган же начар бышырылган деңиз азыктары аркылуу жугат, ал эми адамдын тамак сиңирүү органдарына киргенде алгач уулануу белгилерин пайда кылат. Белгилери: жүрөк айлануу, кусуу, ич өтүү.

Учурда жабырлануучу ооруканада жатканына бир айдан ашкан. Дарыгерлер бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн анын эки колун, эки бутун кесип салышкан. Басылманын маалыматы боюнча, дүйнөдө жылына Vibro Vulnificus инфекциясынын 150-200дөй учуру катталып, ооруган ар бир бешинчи адам өлөт.