Калифорнияда дүйнөдөгү эң чоң пицца жасалды (видео)

Калифорнияда дүйнөдөгү эң чоң пицца даярдалды. Бул тууралуу Хабар 24 жазды.

Тамак Гиннесстин рекорддор китебине кирген. 1300 чарчы метр пицца алты тонна камырдан, төрт тонна сырдан жана эки тонна соустан жасалган. Аны бышыруу үчүн анын үстүнө жылыткыч лампалар коюлган. Рекорд катталгандан кийин тамак таратылып берилген.

Буга чейинки рекорд италиялык «Оттавиа» пиццасына таандык. Ал 2012-жылы даярдалган, аянты 1200 чарчы метрди түзгөн.