Калифорнияда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, өзгөчө кырдаал жарыяланды (видео)

Түндүк Калифорниянын жээгинде күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болду. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Атлантика океанында, Ферндал шаарынан 100 чакырымдай түштүк-батышты карай жайгашкан.

Сейсмикалык активдүүлүктөн кийин штаттын континенталдык бөлүгүндө 30дан ашык жер титирөө катталып, алардын биринин күчү 5,8 баллга жеткен. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюом жер титирөөдөн улам штатта өзгөчө кырдаал жарыялоо боюнча документке кол койду.