26-декабрда «Кальмар оюну» сериалынын 2-сезонунун бардык 7 эпизоду чыкты. 2021-жылы бул корей сериалы дүйнөлүк хит болуп, платформада көрүү боюнча рекорд койгон. Бул жылдар аралыгында «Кальмар оюну» унутулбай, ал тургай Netflix’те реалити-шоу тартылганын эске салалы.
Биринчи сезондо «Кальмар оюну» көрүүчүлөрдүн көңүлүн аман калуу жарышы менен гана эмес, социалдык темалары менен да өзүнө байлаган эле. Уландысында жаңы идеялар жана каармандар кошулган.Актердук курам, ким калды, жаңы кошулгандар кимдер?
Актер Ли Чон Че мурдагыдай эле Сон Ги Хунду башкача айтканда 456-номурду ойнойт. Ви Хажун Жун-хо полиция офицеринин ролуна кайтып келет, ал биринчи сезондо бир тууганы Ин-Хону издегени менен белгилүү.
Драмага кесипкөй актёрлордон тышкары K-Pop ырчылар да кошулду. BigBang тобунун мурдагы мүчөсү, Т.О.Р деген каймана ат менен таанымал Чхве Сун Хен 230-номурдагы рэпер оюнчу болуп ойногон.
IZ*ONE тобунун мурдагы мүчөсү Чо ЮРРИ 222-номур менен бойлуу кыздын ролун аткарат.
Мурдагы ZE тобунун мүчөсү А Им Сиван 333-оюнчуну ойнойт.
Экинчи сезон 50 мүнөттөн 1 саат 20 мүнөткө чейин созулган жети эпизоддон турат. Биринчи сезондогудай сценарист жана режиссер Хван Дон Хек.