«Кальмар оюну» сериалындагы 80 жаштагы актёр бир жылга эркинен ажыратылды

«Кальмар оюну» сериалындагы 001 санындагы оюнчу 80 жаштагы түштүк кореялык актёр О Ён Су сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу The Daily Star жазды. 

Адегенде сот өкүмдү сегиз айга шарттуу деп чыгарып, кийинчерээк жазаны катаалдаткан.

Сот актёрду 2017-жылы кесиптешине карата эки ирет ыдык көрсөтүү фактысы боюнча күнөөлүү деп тапты. Айыптоочу тараптын айтымында, актёр актрисаны үйүнүн жанында анын эркине каршы кучактап, өпкөн. Актёр өзү күнөөсүн мойнуна алган эмес.

О Ён Су өмүр бою курган нерселер бир учурда талкаланып, өзүн жаман сезип жатканын айткан. Акыркы өкүм 2025-жылдын 3-июнунда чыгарылат.