Netflix өзүнүн YouTube каналында Кореянын «Кальмар оюну» сериалынын акыркы сезонунун жаңы тизерин жарыялады.
Видео 6 сааттын ичинде 2 миллиондон ашык көрүү топтогон. Үчүнчү сезон экинчи бөлүктүн сюжеттик линиясын улантат. Тизерде бир нече спойлер бар, андыктан мурунку бөлүктөрүн көрө элек болсоңуз, жаңы сезону чыккыча көрүп жетишкениңиз оң. Оюн уланат, ал эми 456-катышуучу кайрадан оюнга чыгат.
Долбоордун үчүнчү бөлүгүн 2025-жылдын 27-июнунан тартып Netflix платформасында көрүүгө болот.