«Калсаңар өлөсүңөр!». Флоридага коркунучтуу “Милтон” бороону жакындады

«АКШнын Флорида штатына жакындап келе жаткан “Милтон” бороону азыркы кылымдагы бул аймактагы эң кыйратуучу бороондордун бири болуп калышы мүмкүн» деп билдирди АКШнын президенти Жо Байден.

Шаршемби күнү кечинде «Милтон» бороонунан улам АКШнын Флорида штатынан беш миллионго жакын адам эвакуацияланууда. Штаттын үчүнчү чоң шаары Тампа шаарынын мэри 100 жылдагы эң катуу бороон-чапкындын зонасында калуу өлүм менен барабар болорун эскертти.

«Эгерде сиз эвакуацияланууга тийиш болгон аймактарда калууну кааласаңыз, анда өлөсүңөр» деди мэр Жейн Кастор CNN телеканалына.

Синоптиктер нөшөрлөп жааган жамгыр жана катуу шамал жээкти эле эмес, ички аймактарды да суу каптатарын эскертти. Жээктеги толкундардын бийиктиги 3-4 метрге жетет. Флориданын Түзөтүү департаментинин маалыматы боюнча, 4500дөн ашык камактагы адамдар кырсык аймактарынан көчүрүлгөн.